Манас Саматов: Айыл чарбадагы көйгөй – эски көз караштагы дыйкан, эптүү ортомчу жана иш жүргүзүүнү билбеген чиновниктердин айынан
16 октябрь

Манас Саматов: Айыл чарбадагы көйгөй – эски көз караштагы дыйкан, эптүү ортомчу жана иш жүргүзүүнү билбеген чиновниктердин айынан

Жакында Жогорку Кеңештин жыйынында депутаттар тарабынан дыйкандардын эмгеги бааланбай жатканы тууралуу маселе көтөрүлдү. Дыйкан өзү өндүргөн картошканы килограммын 13 сомдон 20 сомго чейин өткөрсө, ортомчулар аны базарларда 80–100 сомго чейин сатып жатканын билдиришти. Депутаттар мындай абалдын жаралышына Монополияга каршы жөнгө салуу кызматын жана Айыл чарба министрлигин айыпташты.

Ошол эле учурда мындай маселе жыл сайын, түшүм жыйналган маалда пайда болот. Ар бир күздө дыйкандардын эмгеги текке кетип жатканы айтылат. Бул базарларда баалар кымбат болуп жаткан шартта.

Эмнеге жыл сайын кайталанчу маселенин чечүү жолдору ушул убакка чейин табыла элек? Дыйкандын эмгегинин акыбети кайтпай, бирок ортомчулардын капчыгы калыңдап жатканына ким күнөөлүү? Дыйканга бүгүнкү күндө эмне жетишпейт? Бул суроолор менен фермер, техника илимдеринин кандидаты, эл аралык консультант Манас Саматовго кайрылдык.

– Эмнеге бир маселе жыл сайын кайталанат – дыйкан продукциясын арзан сатат, ортомчулар базарга кымбат чыгарат. Бул маселенин жыл сайын кайталанганы менен чечилбей келишинин себеби эмнеде?

– Ички базарлардагы түзүлгөн кырдаалдын терс жактарын белгилей кетели. Мөмө-жемиш базарлары менчик. Сатуу орундарын базаркомдор эптүүлөргө – ортомчу, чайкоочу жана башка маклерлерге – ижарага берип салган.

Ошондуктан фермерлер үчүн мындай базарлардын эшиктери жабык. Кымбатчылык дал ошол базарлардан башталат.

Бул көйгөйдү жоюп, жокко чыгаруунун бир эле жолу бар.

Ар бир райондо, шаарларда бардык шарттары менен муниципалдык «Фермерлер базарын» куруп, ал жерде жалаң өндүрүшчү фермерлер гана өздөрү өндүргөн продукциясын кардарларга түздөн-түз сатуу мүмкүнчүлүгүн түзүү зарыл.

Болгондо да мындай базарларды район борборлорунун, шаарлардын бир четине, чоң жолдордон бир аз алысыраак куруп коюу максатка ылайык болмок.

Ошол базардан 15–20 чакырым аралыкта жашаган эл да, фермерлер да ошого көнөт.

Мындай кадам өндүрүшчү үчүн да, кардар үчүн да ыңгайлуу – чайкоочу оюндан чыгарылат.

– Ошол эле маалда эмнеге биздин дыйкандар сапаттуу айыл чарба продукцияларын экспортко чыгара алышпайт?

– Сырткы базарлардын талаптарын дайыма дыкаттык менен анализдеп, туура пайдалануу фермерлер үчүн өз өндүрүмдөрүн жакшы сатуунун дагы бир чоң жолун ачмак – бул экспорт маселеси.

Өкмөт айыл чарба өндүрүмдөрүн экспорт кылууга ар түрдүү тыюу салуулар практикасын токтотушу зарыл.

Тирүү мал, эт, картошка, сабиз, пияз, алма, малина, кулпунай – баарын сыртка чыгаруу пайдалуу болсо, чек араларды толук ачып, тоскоолдуксуз өткөрүүгө уруксат бериш керек.

Экспорт жасоо укугуна ар бир фермер ээ болушу шарт.

Фермердин статусун мыйзамдык деңгээлде ачык, так белгилей турган мезгил келди.

Министрлик менен биргеликте биз «Үй-бүлөлүк фермердик чарба» жөнүндөгү мыйзамдын долбоорун иштеп чыкканбыз. Министрлик тез арада ал мыйзамды Жогорку Кеңештин кароосуна коюп, өткөрүп берсе жакшы болмок.

Анткени өлкөбүздө өндүрүлгөн айыл чарба продукцияларынын дээрлик 97 пайызы дал ошол үй-бүлөлүк фермердик чарбалар аркылуу алынат.

– Дыйкандын эмгегин кантип жетиштүү баалоого болот, продукциясынын арзан кетип жатканына ким күнөөлүү – дыйкан өзүбү, арзан алып кымбат сатууга умтулган ортомчуларбы же тиешелүү чараларды көрбөгөн Айыл чарба министрлигиби?

– Дыйкандардын баёолугу, эски көз караштары, ортомчулардын эптүүлүгү, мамлекеттик органдардын иш билги эместиги – баары аралашып отуруп бүгүнкү туңгуюкка алып келди.

Фермерлер көр тиричиликтин тузагына чалынып, өзү менен өзү. Чайкоочу эптүүлөр кырдаалды жакшы өздөштүрүп алышкан. Талаага келип, акчасынын күчү менен фермерге «арзан сат» деп басым жасайт, базарга барып беш колун оозуна салып, кардардын чөнтөгүн кактайт.

Чиновниктер аралашууга амалсыз, сырттан байкоочу катары эле карап турушат. Анткени айыл чарба продукцияларын талаадан керектөөчүлөрдүн дасторконуна чейин жеткирүүнүн туруктуу системасын түптөй алышкан жок.

Жер-жемиш, мөмө-жемиш өндүрүүнүн да, сатуунун да, импорт-экспорт иштерин жөнгө салуунун да принциптери, эрежелери иштелип чыккан жок.

Ошондуктан айылдарыбыздын күндөлүк турмушу башаламандыктын кучагында өтүп келе жатат.

Айыл чарба тармагын терең, чечкиндүү реформалап, мамлекет менен фермерлердин ортосундагы мамиленин формуласын, арифметикалык, социалдык параметрлерин илимий негизде, дыкаттык менен иштеп чыгуу мезгили келип жетти.

Кесипкөй кишилерди ишке тартуу керек. Болгондо да жаңы формуланы санариптештирүү деңгээлинде иштеп чыгуу зарыл. Антпесек кайра эле заман талаптарынан артта кала берип, сүйрөлүп жүрө беребиз.