Элчи Акылбек Кылычев Ирандын президентине ишеним грамоталарын тапшырды
26 февраль

Элчи Акылбек Кылычев Ирандын президентине ишеним грамоталарын тапшырды

Үстүбүздөгү жылдын 24-февралында Иран президентинин пдминистрациясында Кыргызстандын элчиси Акылбек Кылычевдин Иран Ислам Республикасынын президенти Масуд Пезешкианга Ишеним грамоталарын тапшыруу аземи болуп өттү. Бул тууралуу КР ТИМден кабарлашты.

Жолугушууда тараптар эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн белгилеп, саясий диалогду бекемдөөгө жана өз ара кызыкчылык жараткан артыкчылыктуу багыттар боюнча кызматташтыкты кеңейтүүгө өз ара кызыкдар экендигин тастыкташты. Ошондой эле өз ара урматтоого жана эл аралык укукка негизделген конструктивдүү жана ачык өз ара баарлашууга даяр экендиктерин баса белгилешти.

Элчи А.Кылычев өнөктөштүктү андан ары тереңдетүү жана эки өлкөнүн тиешелүү мекемелеринин жана бизнес коомчулуктарынын ортосундагы соода-экономикалык байланыштарды активдештирүү үчүн бардык күч-аракеттерин жумшоого даяр экенин билдирди.

Өз кезегинде Ирандын президенти М.Пезешкиан, А.Кылычевге дипломатиялык ишинде  ийгиликтерди каалап, Кыргыз Республикасы менен Иран Ислам Республикасынын ортосундагы эки тараптуу мамилелерди ырааттуу өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.