7 жаштагы кызды зордуктоого аракет жасаган шектүү кармалып, камакка алынды
2026-жылдын 24-апрелинде Бишкек шаарынын Ички иштер башкы башкармалыгынын «102» кызматына «Ак-Босого» жаңы конушунда белгисиз жаран 7 жаштагы кызды зордуктоого аракет жасагандыгы тууралуу маалымат келип түшкөн.
Окуя болгон жерде шектүү жаранды жергиликтүү тургундар кармап алышкан. Чакыруу боюнча дароо Бишкек шаарынын Биринчи май РИИБдин тергөө-ыкчам тобу жөнөтүлгөн. Көрүлгөн чаралардын негизинде 2003-жылы туулган Г.Р. аттуу жаран аныкталып, тергөө кызматына жеткирилген. Аталган факт боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 37-154-(зордуктоого аракет жасоо) беренесине ылайык кылмыш иши козголуп, шектүү Бишкек шаарынын ИИББнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Учурда тиешелүү тергөө амалдары жүргүзүлүүдө. Ошондой эле соттук-медициналык экспертиза дайындалды.
Биринчи май РИИБи кылмыштын алдын алып, жарандык милдетин аткарган жарандарга ыраазычылык билдирет.
