Садыр Жапаров ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин өкмөт башчылары менен жолугушту
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 7-августта, Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйынына катышуу үчүн Кыргызстанга келген Евразия экономикалык биримдигине (ЕАЭБ) мүчө мамлекеттердин өкмөт башчылары менен жолугушту.
Жолугушууга Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев, Армения Республикасынын Премьер-министри Никол Пашинян, Беларусь Республикасынын Премьер-министри Александр Турчин, Казакстан Республикасынын Премьер-министри Олжас Бектенов, Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн Төрагасы Михаил Мишустин, ошондой эле Евразия экономикалык биримдигине байкоочу мамлекет катары иш-чараларга катышкан Өзбекстан Республикасынын Премьер-министри Абдулла Арипов жана Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын Төрагасы Бакытжан Сагинтаев катышты.
Мамлекет башчысы саламдашуу сөзүндө Кыргызстан ЕАЭБди тең укуктуу жана өз ара пайдалуу өнөктөштүктү өнүктүрүү, экономикалык интеграцияны тереңдетүү жана биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу үчүн маанилүү аянтча катары карай турганын белгиледи.
Президент Кыргыз Республикасы мындан ары да Биримдиктин ишмердүүлүгүнө активдүү катышууга даяр экенин ырастады.
Садыр Жапаров кийинки Евразия экономикалык форуму 2027-жылы Кыргыз Республикасында өлкөнүн ЕАЭБ органдарына төрагалык кылуусунун алкагында өтөрүн белгиледи. Президент ошондой эле форумга өнөктөш мамлекеттерди жана эл аралык уюмдарды кеңири тартуу аркылуу анын катышуучуларынын чөйрөсүн кеңейтүүнү сунуштады.
Мамлекет башчысы өнөр жай жана агроөнөр жай комплексиндеги биргелешкен кооперациялык долбоорлорду активдештирүүнүн, ошондой эле Биримдикке мүчө бардык мамлекеттер үчүн колдоо жана каржылоо механизмдерине тең укуктуу жеткиликтүүлүктү камсыздоонун зарылдыгына өзгөчө көңүл бурду.
