Бишкекте жашы жете элек жөө жүргүнчүнүн өлүмүнө алып келген жол кырсыгы боюнча кылмыш иши козголду
15 июль

Бишкекте жашы жете элек жөө жүргүнчүнүн өлүмүнө алып келген жол кырсыгы боюнча кылмыш иши козголду

2026-жылдын 13-июлунда болжол менен саат 09:00 чамасында 1977-жылы туулган Б.М. аттуу айдоочу «Zhong Tong» үлгүсүндөгү жүргүнчү ташуучу автобусту башкарып, Жаш Гвардия бульвары менен түштүк багытта бара жатып, Рыскулов көчөсү менен кесилиштен оңго бурулуп жаткан учурда 2016-жылы туулган жашы жете элек А.М. аттуу жөө жүргүнчүнү сүзүп кеткен.

Тергөөдө аныкталгандай, кырсык болгон учурда жөө жүргүнчү жолдун жүрүүчү бөлүгүн жөө адамдар өтүүчү өтмөктөн жол чырактын уруксат берүүчү белгиси күйүп турган учурда өтүп бара жаткан.

Жол кырсыгынын кесепетинен жашы жете элек бала алган оор жаракаттарынан улам медициналык мекемеге жеткирилгенге чейин каза болгон.

Бул факты боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 312-беренесинин 3-бөлүгү менен кылмыш иши козголду. Айдоочу Б.М. кармалып, Бишкек шаарынын ИИББнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Сот тарабынан ага карата камакка алуу түрүндөгү бөгөт коюу чарасы тандалды.

Тергөө иштеринин жүрүшүндө Бишкек шаарынын Ленин райондук сотунун токтомунун негизинде Б.М. Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 193-беренесинин 1-бөлүгүндө каралган укук бузуу (мас абалында транспорт каражатын башкаруу) үчүн транспорт каражатын башкаруу укугунан бир жылдык мөөнөткө ажыратылганы аныкталды.

Бирок аталган сот чечими мыйзамдуу күчүнө киргенине карабастан, «Бишкек шаардык транспорту» муниципалдык ишканасынын жооптуу кызмат адамдары тарабынан айдоочу коомдук транспортту башкаруудан четтетилбестен, эмгек ишмердүүлүгүн улантып келген. Бул жагдай оор кесепеттерге алып келген.

Ушуга байланыштуу «Бишкек шаардык транспорту» муниципалдык ишканасынын жооптуу кызмат адамдарына карата Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 315-беренесинин 2-бөлүгү менен кылмыш иши козголду.

Ошол эле күнү Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин 96-беренесинин негизинде 1979-жылы туулган диспетчер Ш.К. жана 1970-жылы туулган инженер Т.У. шектүү катары кармалып, Бишкек шаарынын ИИББнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Мындан тышкары, бул окуя боюнча «Бишкек шаардык транспорту» муниципалдык ишканасынын айдоочулары менен жумушчу кеңешме өткөрүлүп, анда Жол кыймылынын эрежелерин так сактоо, ылдамдык режимин бузбоо, жөө адамдар өтүүчү өтмөктөрдөн өтүүдө өзгөчө этият болуу жана жол кыймылынын бардык катышуучуларынын коопсуздугун камсыз кылуу маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.

Айдоочуларга жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча жеке жоопкерчилиги, ошондой эле жарандардын өмүрүнө жана ден соолугуна коркунуч жараткан мыйзам бузууларга жол берилбестиги дагы бир жолу түшүндүрүлдү.

Учурда бардык зарыл болгон тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Айдоочуларга жана жол кыймылынын бардык катышуучуларына кайрылуу.

Бишкек шаарынын ИИББгы айдоочуларды Жол кыймылынын эрежелерин так сактоого, жолдордо, өзгөчө жөө адамдар өтүүчү өтмөктөрдүн, билим берүү мекемелеринин жана адамдар көп топтолгон жайлардын жанында өтө кылдат жана этият болууга чакырат.

Ар бир мыйзам бузуу кайгылуу кесепеттерге алып келиши мүмкүн экенин унутпаңыздар. Жолдогу коопсуздук – ар бирибиздин жоопкерчилигибиз.