Россия аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө жардам берүү үчүн Кыргызстанга 1,2 миң азык-түлүк жөнөттү
РФнын КРдагы элчилиги
7 август

Россия аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө жардам берүү үчүн Кыргызстанга 1,2 миң азык-түлүк жөнөттү

1 268,9 тонна азык-түлүк Россиядан БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын (БУУ ДАТП) Ош шаарындагы кампасына жеткирилди. 

Анын курамына 1 147,5 тонна байытылган буудай уну жана 121,4 тонна өсүмдүк майы кирет.

Азык-түлүк жардамы Кыргызстандын түштүк аймагындагы 3 825тен ашык үй-бүлөнү колдоого багытталган. Ал акы төлөнүүчү коомдук иштер программаларынын алкагында жана мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын тамактануусун жакшыртуу үчүн берилет.

Мамлекеттик аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн санариптик базасына катталган жарандар Эмгек министрлиги аркылуу акчалай төлөмдөрдү алышат. Мындан тышкары, БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасы тарабынан ар бир үй-бүлөгө 300 килограмм ун жана 30 литр өсүмдүк майы берилет.

Бул колдоону алуу үчүн катышуучулар коомдук долбоорлорго тартылат. Алардын арасында сугат тармактарын жана ичүүчү суу системаларын калыбына келтирүү, бак-дарактарды отургузуу, дарыя жээктерин бекемдөө жана табигый кырсыктардын тобокелдиктерин азайтууга, климаттын өзгөрүшүнүн кесепеттерин жоюуга багытталган башка иштер бар.

Кесиптик көндүмдөрдү өнүктүрүү жана айыл чарбасын жүргүзүүнүн заманбап ыкмаларын үйрөнүү боюнча окутуу программаларына катышкан жарандарга 150 килограмм ун жана 15 литр өсүмдүк майы берилет.

Жардамдын бир бөлүгү эмгекке жарамдуулугу чектелген адамдарга да багытталат.

Азык-түлүктү тапшыруу аземине Россиянын Оштогу Башкы консулдугунун консулу Артур Фищук, Эмгек министрлигинин шаардык башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Жылдызбек Жамалидинов жана БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын Ош шаарындагы кеңсесинин жетекчиси Дилшод Исманалиев катышты.

БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасы белгилегендей, Россия Кыргызстандагы уюмдун эң ири донорлорунун бири болуп саналат. Калкка жардам көрсөтүү боюнча биргелешкен программалар өлкөдө 15 жылдан бери ишке ашырылып келет.