Маловодное айылында Салык кызматынын кызматкерлери алкоголдук ичимдиктерди мыйзамсыз өндүргөн кампаны аныкташты
Салык кызматынын кызматкерлери "Берекет Универсал" базарынын аймагында жүргүзүлгөн рейддик салык контролунун жүрүшүндө мыйзамсыз контрафакттык арак аныкталып, анын жашыруун өндүрүш булагына бөгөт коюшту.
Текшерүүнүн жүрүшүндө 705 даана мыйзамсыз арак табылган.
Мындан тышкары, Чүй облусунун Сокулук районунун Маловодное айылында уруксат кагазы жана салыктык каттоосу жок кампа аныкталды. Анда 137 литр болжолдуу этил спирти, 73 даана контрафакттык арак, ошондой эле жасалма этикеткалар жана акциздик маркалар тартылып алынды.
Бул факт боюнча материалдар юридикалык баа берүү үчүн укук коргоо органдарына өткөрүлүп берилет.
Эскерте кетсек, акциздик маркалары жок 200 даанага чейин акциздик продукция саткандыгы үчүн 80 миң сом өлчөмүндө айып пул, ал эми 200 даанадан ашык болсо 5 жылга чейин эркинен ажыратуу каралган.
