Кара-Сууда күчтүү таасир этүүчү заттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө шектүүлөр кармалды
2025-жылдын апрель айында Кара-Суу райондук ички иштер бөлүмүнүн ыкчам кызматкерине “Д” жана “Б” аттуу белгисиз жарандар баңгизатын жана анын аналогдорун алып жүргөндүгү тууралуу маалым болуп, текшерүү иштери башталган.
Аталган факт боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 292-беренеси (Сатып өткөрүү максатында күчтүү таасир этүүчү же уулуу заттарды мыйзамсыз жүгүртүү) менен кылмыш иши козголгон.
Жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын натыйжасында кылмышка шектүүлөрдүн өздүгү такталып, алардын турак үйлөрүнө кечиктирилгис тинтүү аракеттери жүргүзүлүп, эки түрдүү 201 даана жана 277 даана күчтүү таасир этүүчү дары каражаттары алынды.
2025-жылдын 23-май күнү кылмышка шектүү катары 1986-жылы туулган Э.Э., 1987-жылы туулган М.Р., 1993-жылы туулган А.Ж., 1996-жылы туулган К.М., жана 1999-жылы туулган Ч.уулу А., аттуу тургундары кармалышып, убактылуу кармоочу жайга кирзилди.
Учурда аталган затты аныктоо үчүн тийиштүү экспертиза дайындалып, кылмышка тиешеси бар башка адамдарды аныктоо максатында ыкчам тергөө амалдары уланууда.
