Кыргыз-кытай кызматташтыгынын учурдагы абалы талкууланды
Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу бүгүн, 4-мартта Кытайды Кыргызстандагы элчиси Лю Цзянпинди кабыл алды. Бул тууралуу парламенттин кабарлашты.
Жолугушууда кыргыз-кытай кызматташтыгынын учурдагы абалы талкууланып, тараптар парламенттер аралык алакаларды арттыруу боюнча да ой бөлүштү.
Алгач төрага Нурланбек Тургунбек уулу Лю Цзянпинди Кыргызстандагы дипломатиялык ишмердүүлүгүнүн башталышы менен куттуктады.
“Эзелтен эриш-аркак жашаган эки элди коңшулук алакалар эле эмес, миңдеген жылдарды камтыган тарыхый байланыштар бириктирип турат. Андыктан, тажрыйбалуу элчи катары калыптанган кызматташтыкты өнүктүрүүгө, мамлекеттер аралык маанилүү долбоорлорду ишке ашырууга салым кошосуз деген терең ишеничтемин”, – деди ал.
Ошондой элеал акыркы жылдары кыргыз-кытай байланышы жигердүү өнүгүп, жогорку деңгээлдеги сапарлар байма-бай уюштурулуп жатканын эске салды.
“Алардын натыйжасында узак жылдардан бери ишке ашпай келген Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунун курулушу башталып, ири долбоор ишке ашканы турат. Кылым курулушу аталган бул темир жолдун салынышы аталган үч өлкө үчүн эле эмес, дүйнөнүн көптөгөн мамлекеттери үчүн пайдалуу болору анык”, – деп кошумчалады.
Жолугушууда төрага ошондой элесоода-экономикалык, маданий-гуманитардык байланыштар тууралуу да сөз кылды.
“Азыркы тапта Кыргызстан менен Кытай бардык тармактар боюнча кызматташып, энергетика, инфраструктура, өндүрүш өңдүү багыттарда биргелешкен инвестициялык долбоорлорду ишке ашырып келебиз. Жакын коңшу жана стратегиялык өнөктөш өлкө катары калыптанган алакаларды дагы өнүктүрүп, жетишилген келишимдерди мындан ары да ийгиликтүү ишке ашырууга кызыкдарбыз. Албетте мында парламенттик дипломатиянын ролу өтө чоң. Алсак, өткөн жылдын сентябрь айында Бээжинге расмий сапар менен барып, аталган багыттагы кызматташтыкты кеңейтүүгө арналган маанилүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп келдик”, – деди.
Ал эми Атайын жана толук ыйгарым укуктуу элчи Лю Цзянпин Кыргызстандагы дипломатиялык ишмердүүлүгүнүн алкагында жасай турган иштери тууралуу учкай маалымат берди.
“Кытай Эл Республикасы, анын ичинен өлкө жетекчилери Кыргызстан менен кызматташыкка өзгөчө маани берет. Элчилик ишмердүүлүгүмдүн алкагында калыптанган достук алакаларды үзгүлтүксүз улантууга даярмын. Мамлекеттерибиз ортосунда көптөгөн макулдашуулар жана келишимдер бар. Алардын бардыгын ийгиликтүү ишке ашыруубуз кажет”, – деди элчи.
Мындан сырткары, элчи айым да мамлекеттер аралык мамилелерде парламенттин ролу чоң экенине токтолуп, эл аралык аянтчаларда да кызматташтыкты өнүктүрүү менен кыргыз-кытай достугун даңазалоо керектигин кошумчалады.
Эскерте кетсек, Лю Цзянпин жыл башында Кытай Эл Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана толук ыйгарым укуктуу элчиси болуп дайындалган.
