Базар баасы 7 млн сом. Базар-Коргондо аянты 9,2 га жер муниципалдык менчикке кайтарылды
Базар-Коргон районунун прокуратурасы тарабынан Кыргыз Республикасынын жер мыйзамдарынын аткарылышынын жана сакталышынын алкагында жүргүзүлгөн текшерүүдө, 2006-жылы Базар-Коргон районунун Кеңеш айыл өкмөтүнүн 1-Май айылынын айыл чарба багытындагы жерлеринде жайгашкан, жалпы аянты 9,2 гектарды түзгөн жер тилкеси мыйзам талаптарын бузуу менен жеке жактардын менчигине өтүп кеткендиги аныкталган.
Көрүлгөн прокурордук чаралардын натыйжасында базар баасы 7 млн 763 миң сомду түзгөн 9,2 гектар жер тилкеси муниципалдык менчикке кайтарылды.
