Республикалык медициналык борборлорду жаңы комплекске көчүрүү пландалууда
Кыргызстанда республикалык медициналык борборлордун айрымдарын пландуу жогорку технологиялык дарылоого арналган жаңы комплекске көчүрүү пландалууда.Бул тууралуу саламаттык сактоо министри Дамир Осмонов ЖМКлардын бирине берген маегинде билдирди.
Анын айтымында, сөз медициналык жардам көрсөтүүнүн үчүнчү деңгээлиндеги мекемелер жөнүндө болуп жатат. Тактап айтканда, татаал операциялар, органдарды трансплантациялоо, жогорку технологиялык диагностика жана оор илдеттерди дарылоо жүргүзүлгөн борборлор көчүрүлүшү мүмкүн.
Министр шаардык көп тармактуу ооруканалар, тез жардам кызматы, поликлиникалар жана үй-бүлөлүк медицина борборлору өз ордунда каларын белгиледи.
Анын айтымында, инфаркт, инсульт, оор жаракат же кан кетүү сыяктуу учурларда бейтаптарга жакынкы шаардык ооруканада жардам көрсөтүлүшү керек. Анткени мындай кырдаалдарда убакыт өтө маанилүү.
Жаңы медициналык комплекс негизинен алдын ала текшерүүдөн өтүп, жолдомо алган жана ооруканага жатууну пландаган бейтаптар үчүн арналат.
Бир имаратта диагностика, адистердин консультациясы, операциялык бөлмөлөр, интенсивдүү терапия жана реабилитация кызматтарын бириктирүү пландалууда. Бул бейтаптардын күтүү мөөнөтүн кыскартууга, кайра-кайра текшерүүлөрдү азайтууга жана дарылануу жолун жөнөкөйлөтүүгө жардам берет.
