ИИМ: Мектептердеги «клубничный квик» баңгизаты тууралуу маалымат – жалган
4 март

ИИМ: Мектептердеги «клубничный квик» баңгизаты тууралуу маалымат – жалган

ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматы WhatsApp мессенджеринде мектептерде «клубничный квик» аттуу жаңы баңгизаты таркатылып жаткандыгы тууралуу маалымат жалган экендигин билдирет.

КР Ички иштер министрлиги жарандарды сабырдуулукка жана такталбаган билдирүүлөрдү таратуудан алыс болууга чакырат.

Ишенимдүү маалымат алуу үчүн расмий булактарга гана кайрылуу сунушталат.

Маалыматтарды таратууда сак жана жоопкерчиликтүү болуңуз.