Араван районунда өнөр жай аймагы пайда болот
4 март

Араван районунда өнөр жай аймагы пайда болот

Араван районунда өнөр жай аймагы пайда болот. Ал Өзбекстандан Кыргызстанга өткөн 304 гектар жерге курулмакчы. Бул тууралуу президенттин  Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, облус башчысы Элчибек Жантаев бүгүн, 4-мартта аталган аймакка барды. 

Учурда аталган аймактын башкы планын даярдоо жана айрым ишканаларды куруу боюнча эскиздери даяр болуп калганы да маалым болду.

«Бул жерди өнөр жай аймагына айландырып, инвесторлорго бардык шарттарды түзүшүбүз керек. Мында инфраструктурага керек болгон жол, электр энергиясы бар, жакында суунун маселесин чечебиз», – деп, облус башчысы тийиштүү жетекчилерге бир катар тапшырмаларды берди.

Өкүлчүлүктөн курулуш иштери качан башталары тууралуу маалыматты ачыкташкан жок.