Токмок шаарында жаңы Калкты тейлөө борбору ачылды
Бүгүн Токмок шаарында жаңы, заманбап Калкты тейлөө борборунун (КТБ) расмий ачылышы болуп өттү. Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев катышты.
Санариптик көндүмдөрдү өнүктүрүү
Жаңы КТБ – бул жарандардын мамлекеттик онлайн кызматтарды колдонуусун өнүктүрүүгө багытталган. Борбордо санариптик платформаларды колдонуу боюнча маалымат берилет жана жардам көрсөтүлөт.
Жарандардын санариптик кызматтарга болгон жеткиликтүүлүгүн арттыруу – бул мамлекеттик кызматтарды алуучу адамдар үчүн ыңгайлуулукту камсыздоо менен бирге, тейлөө борборлорундагы жүктү да азайтуу болуп саналат.
«Жаңы КТБнын ачылышы – санариптик кызматтарды элге жеткирүүгө чоң өбөлгө болуп, көмөкчү объект. Мамлекеттик кызматтарды санариптештирүүдө кызматтардын жеткиликтүүлүгүн жана сапатын жогорулатуу жолундагы маанилүү кадам», – деди Каныбек Туманбаев.
Борбордун жалпы аянты – 1000 чарчы метр. Бул борбор Токмок шаарынын жана Чүй районунун 150 миңден ашуун тургуну үчүн мамлекеттик кызматтарды ыңгайлуу шартта алуу мүмкүнчүлүгүн түзөт.
«Бирдиктүү терезе» форматындагы тейлөө
Жаңы борбордо жарандарга төмөнкү негизги мамлекеттик кызматтар көрсөтүлөт:
• паспорт алуу,
• жарандык абал актыларын каттоо (ЖААК),
• жарандык идентификациялык номер (ЖИН) ыйгаруу,
• Кыргыз Республикасынын жарандары жана чет өлкөлүктөрдү каттоо.
Жарандардын ыңгайлуулугу үчүн атайын шарттар түзүлгөн:
• фото кызмат көрсөтүү аймагы,
• VIP тейлөө,
• касса,
• салтанат зал (нике каттоо үчүн),
• нотариалдык кызматтар,
• эне-бала бөлмөсү.
