Борбор Азия- эң туруктуу өнүгүп келе жаткан аймактардын бири – саясат таануучу
16 октябрь

Борбор Азия- эң туруктуу өнүгүп келе жаткан аймактардын бири – саясат таануучу

Борбордук Азия чөлкөмү эң туруктуу өнүгүп жаткан аймактардын бири. Бул тууралуу Азия иликтөө институтунун директору, саясат таануучу Зайырбек Эргешов “ЕАЭБ жана “Бир алкак – бир жол” концепциясы: байланыш чекити” тегерек столдо дүйнөдөгү геосаясий кырдаалдын шартында Кыргызстандын соода-экономикалык байланыштарын куруудагы кыйынчылыктар тууралуу эксперттердин билдирүүлөрүнө комментарий берип жатып билдирди.

Тегерек стол Кыргызстанда “Караван инфо” маалымат агенттигинин ачылышына карата уюштурулду.

Эргешовдун айтымында, бүгүн дүйнө тынч эмес.

“Биз Чыгыш Европада жана Жакынкы Чыгышта эмне болуп жатканын билебиз, бирок Борбор Азия чөлкөмү эң туруктуу өнүгүп жаткан аймактардын бири. Бул жагынан Кыргызстан ЕАЭБдин алкагында өнүгүүсү керек, албетте биздин чоң коңшубуз Кытай бар. Кытай экономикасы абдан динамикалуу жана тез өнүгүп жатат, ошондуктан Борбор Азиянын ЕАЭБ алкагында Кытай менен өз ара аракеттенүү регион үчүн соода-экономикалык, гуманитардык жана маданий аспектилердеги кызматташууга эң көп мүмкүнчүлүктөрдү берет», - деп түшүндүрдү ал.

Ошондой эле, саясат таануучу өлкөбүздүн экономикалык өнүгүүсү үчүн биринчиден саясий стабилдүүлүк, экинчиден аймактагы коопсуздукту сактоодо коңшу мамлекеттер Казакстан, Тажикстан, Өзбекстан менен достук мамиледе болуу керектигин айтты.

“Экономика качан өнүгөт? Туруктуулук болгондо жана кандайдыр бир коркунуч болбогондо. Биз аймакта узак мөөнөттүү, позитивдүү тынчтыкты курушубуз керек”, - деп баса белгиледи ал.

Мындан тышкары, эксперт жаңы ишканалардын ачылышы жана андагы жаңы жумушчу орундардын түзүлүшү тууралуу сөз кылды.

Эргешов ошондой эле бүгүнкү күндө Кыргызстан “Бир алкак – бир жол” концепциясынын алкагында Кытай менен жакшы экономикалык алака түзөөрүнө токтолду. Мындан тышкары, ал Россия Борбор Азия чөлкөмү менен соода-экономикалык байланыштарын жакшыртууга кызыкдар экенин белгиледи.