Өзүн милиция кызматкеримин деп тааныштырган жаран кармалды
видеодон алынган кадр
7 август

Өзүн милиция кызматкеримин деп тааныштырган жаран кармалды

Өзүн милиция кызматкеримин деп тааныштырган жаран кармалды. Бул тууралуу ички иштер министрлигинен кабарлашты. 

Окуянын видеосу социалдык тармактарда тараган. Анда күзөт милиция кызматкерине карата одоно мамиле жасаган жаран өзүн милиция кызматкеримин деп тааныштырган.

Аталган окуя Ош ШИИБне катталып, сотко чейинки текшерүү иштери жүргүзүлүдө.

Такталган маалыматтарга ылайык, видеодо көрүнгөн кызматкер Баңгизаттардын мыйзамсыз жүгүртүлүшүнө каршы күрөшүү кызматынын кызматкери эмес, ал 1997-жылы туулган А.А.А. аттуу жаран күч органдарына эч кандай тиешеси жок экени аныкталды.

Учурда окуянын бардык жагдайлары такталып, кызматтык иликтөөнүн жыйынтыгы менен мыйзам чегинде укуктук баа берилет.