"Айлык жетпейт". Транспорт министри канча маяна аларын айтты
Кыргызстандын транспорт жана коммуникациялар министри Талантбек Солтобаев өзүнүн расмий айлыгы жай жашоого жетишсиз экенин, бирок бул жагдай президенттин демилгеси менен берилүүчү кошумча төлөмдөрдүн эсебинен жөнгө салынып жатканын билдирди.
Журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып, министр кызматтык сапарларга төлөнүүчү каражаттарды эсепке албаганда ай сайын болжол менен 70–80 миң сом айлык аларын айтты.
«Чынын айтсам, айлык жетпейт. Бирок кошумча айлык менен абдан жакшы жетет», — деди министр.
Ошол эле учурда Солтобаев кошумча төлөмдөрдүн так көлөмүн ачыктаган жок. Ал бул каражаттар президент Садыр Жапаров тарабынан демилгеленгенин гана белгиледи.
Жогорку кызматтагы мамлекеттик кызматкерлерге кошумча сый акы төлөө маселеси буга чейин да көтөрүлгөн. Буга чейин Жеңишбек Токторбаев дагы ушундай кошумча төлөмдөрдү алып жатканын айтып, алардын эсебинен жалпы кирешеси кыйла көбөйөрүн белгилеген.
Мындай кошумча төлөмдөрдүн өлчөмү расмий түрдө жарыяланбагандыктан, мамлекеттик органдардын жетекчилерин материалдык жактан кызыктыруу системасы коомчулукта кызыгууну жаратып келет.
