ШКУнун башкы катчысы Кыргызстанга келет
Үстүбүздөгү жылдын март айында Шанхай Кызматташтык Уюмунун (ШКУ) башкы катчысы Нурлан Ермекбаев Борбор Азия өлкөлөрүнө расмий иш сапары менен барууну пландаштырууда. Бул тууралуу ШКУнун билдирүүсүндө айтылат.
Эрмекбаев 4-7-мартта Өзбекстанга, 14-15-мартта Тажикстанга жана 17-19-март күндөрү Кыргызстанда болот.
Борбор Азияга сапарынын алкагында Ермекбаев мамлекет башчылары жана тышкы саясат ведомстволорунун жетекчилиги менен жолугушууларды өткөрөт. Андан тышкары, алдыңкы саясат таануу борборлорундагы тегерек столдорго жана башка коомдук иш-чараларга катышат.
Эске салсак, ШКУнун башкы катчысы 2025-жылдын январь жана февраль айларында Россия, Беларусь жана Индияга барган.
