Алтынбек Рысбеков энергетика министринин м.а. болуп дайындалды
www
10 июнь

Алтынбек Рысбеков энергетика министринин м.а. болуп дайындалды

Президент Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык, КР Конституциясынын 70-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пунктуна, 71-беренесине ылайык Рысбеков Алтынбек Дурусбекович энергетика министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Энергетика министринин кызмат ордуна дайындоо үчүн Алтынбек Рысбековдин талапкерлиги Жогорку Кеңешке макулдашуу үчүн киргизилет.