Бир адам жабыркаган. Сокулукта тапанчадан ок чыгарууга шектелген жаран кармалды
13 апрель

Бир адам жабыркаган. Сокулукта тапанчадан ок чыгарууга шектелген жаран кармалды

Чүй облусунда ок атып жаракат келтирүүгө шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан кабарлашты. 

Маалыматка ылайык, үстүбүздөгү жылдын 13-апрелинде Сокулук райондук ички иштер бөлүмүнө 1991-жылы туулган Т.С. аттуу жаран К.Г.га карата чара көрүү өтүнүчү менен кайрылган. Арызында ал 2026-жылдын 13-апрелинде болжол менен саат 01:00 чамасында Сокулук районунун Шопоков шаарында К.Г. ага травматикалык тапанчадан бир нече жолу ок чыгарып, денесине жаракат келтиргенин билдирген.

Бул факт каттоого алынып, дароо текшерүү иштери башталган. Аталган факт боюнча тиешелүү соттук экспертизалар дайындалган.

Текшерүүнүн жүрүшүндө төмөнкүлөр аныкталган: 2026-жылдын 13-апрелинде болжол менен саат 00:00 чамасында Т.С. Москва районунан Сокулук районунун Шопоков шаарына К.Г. аттуу жаран менен жолугушуу үчүн барган. Болжол менен саат 01:00 чамасында жолугушуу учурунда К.Г. алдын ала маалыматтар боюнча Т.С.га травматикалык тапанчадан бир нече жолу ок чыгарган.

Натыйжада Т.С.нын оң санында, көкүрөк бөлүгүндө жана ич тарабында жумшак ткандарга ок тийген жаракаттары аныкталган.

Бул факт боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренеси (бейбаштык) менен кылмыш иши козголгон.

Жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын натыйжасында аталган кылмышка шектүү катары 1986-жылы туулган С.Б. аттуу жаран аныкталган. Ал Кыргыз Республикасынын Жазык-процессуалдык кодексинин 96-беренесине ылайык кармалып, Сокулук райондук ички иштер бөлүмүнүн убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Тергөө иштери улантылууда.