Ош облусунун ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери аттестациядан өтүүдө
16 июнь

Ош облусунун ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери аттестациядан өтүүдө

Ош облусунун ички иштер башкармалыгынын милиция кызматкерлеринин кесиптик даярдыгын жана дене тарбия деңгээлин текшерүү максатында аттестациялоо иш-чаралары башталды. Бул тууралуу облустук милициядан кабарлашты. 

Аттестация 16-июндан 28-июнга чейин уланат. 

Кызматкерлерди аттестациялоо анын ээлеген кызмат ордуна ылайыктуулугун аныктоо максатында 5 жылда бир өткөрүлөт.