Кыргыз Республикасы менен Италия Республикасы кылмыш иштери боюнча өз ара укуктук жардам көрсөтүү жөнүндө Келишимге кол коюшту
2026-жылдын 9-июнунда Рим шаарында Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору Максат Кубатович Асаналиев менен Италия Республикасынын юстиция министри Карло Нордио эки мамлекеттин ортосундагы кылмыш иштери боюнча өз ара укуктук жардам көрсөтүү жөнүндө Келишимге кол коюшту.
Аталган Келишимге кол коюу кыргыз-италия кызматташтыгын кылмыш-жаза чөйрөсүндө өнүктүрүүдөгү маанилүү кадам болуп, эки мамлекеттин ортосундагы кылмыш иштери боюнча эл аралык кызматташуу жаатындагы келишимдик-укуктук базаны толук калыптандырууну аяктады.
Келишим кылмыш иштери боюнча өз ара укуктук жардам көрсөтүүнүн заманбап укуктук негизин түзүп, процессуалдык документтерди тапшыруу, далилдерди алуу, айрым процессуалдык аракеттерди жүргүзүү, кылмыштуу активдерди аныктоо жана камакка алуу, ошондой эле эл аралык тажрыйбада каралган кызматташуунун башка түрлөрүн ишке ашырууга мүмкүндүк берет.
Белгилей кетүүчү жагдай, 2024-жылдын 4-октябрында Кыргыз Республикасынын Президенти С.Н. Жапаровдун Италия Республикасына болгон расмий сапарынын алкагында Кыргыз Республикасы менен Италия Республикасынын ортосунда Кылмышкерлерди өткөрүп берүү жөнүндө жана Соттолгон адамдарды өткөрүп берүү жөнүндө келишимдерге кол коюлган.
Кол коюлган Келишимдин жоболорун ишке ашыруу эки мамлекеттин компетенттүү органдарынын трансулуттук уюшкан кылмыштуулукка, коррупцияга, киберкылмыштуулукка, кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) жана кылмыштуулуктун башка түрлөрүнө каршы күрөшүүдөгү өз ара аракеттенүүсүн мындан ары чыңдоого өбөлгө түзөт.
