Маданият министрлиги алдамчылык фактылары боюнча эскертет
4 март

Маданият министрлиги алдамчылык фактылары боюнча эскертет

Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги алдамчылык фактылары боюнча эскертет.

Акыркы убакта WhatsApp мессенджери аркылуу белгисиз адамдар министрдин биринчи орун басары Союзбек Надырбеков же анын кесиптештери катары таанышып, билдирүүлөрдү жөнөтүп, чалууларды жүргүзүп жатышат. Бул адамдар ар кандай өтүнүчтөр менен кайрылып, жарандарды алдоого аракет кылышууда.

"Сак болуңуздар! Эгер сизге ушундай билдирүү же чалуу келсе, жооп бербеңиз жана жеке маалыматтарыңызды бөлүшпөңүз. Шек жараткан учурларда тез арада укук коргоо органдарына кайрылыңыз", - деп айтылат маалыматта.

Министрлик жарандарды сактыкка чакырат жана расмий булактарга гана ишенүүгө үндөйт.