Республикалык клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасынын базасында симуляциялык борбор ачылды
Кыргызстандагы саламаттык сактоо уюмдарынын ичинен алгачкы симуляциялык борбор салтанаттуу түрдө ачылды. Борбор Республикалык клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасынын базасында, Корей эл аралык саламаттык сактоо фондунун (KOFIH) жана Инха университетинин клиникасынын (Корея Республикасы) колдоосу менен түзүлдү.
Борбордун ачылыш аземине Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министри Эркин Чечейбаев, Жогорку Кеңештин депутаттары Винера Раимбачаева жана Илимбек Кубанычбеков, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин өкүлдөрү, Корея Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Ким Гван Чже мырза, Корей эл аралык саламаттык сактоо фондунун төрагасы Ха Иль Су мырза, Инха университетинин президенти Чо Мен У мырза, саламаттык сактоо уюмдарынын жетекчилери жана башка коноктор катышты.
Симуляциялык борбор заманбап тренажёрлор жана VR-технологиялар менен жабдылган, анын ичинде MedVision Simulator Mia HF, Arthur, Leonardo жана Zarnitza бар. Алар дарыгерлерге, медайымдарга, ординаторлорго жана тез жардам кызматкерлери үчүн чыныгы кырдаалга эң жакын шарттарда өзгөчө кырдаалда жардам көрсөтүү көндүмдөрүн машыктырууга мүмкүнчүлүк берет. Бул жерде жүрөктүн токтоп калышынан тартып оор жаракаттарга чейин болгон критикалык абалдарды моделдеп, талдоо жана кайрадан машыгуу жүргүзүүгө болот.
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри Эркин Чечейбаев:
«Бүгүн биз Кыргызстандагы саламаттык сактоо уюмдарынын ичинен алгачкы симуляциялык борборду ачып жатабыз. Корей эл аралык саламаттык сактоо фондунун колдоосу жана заманбап технологиялардын киргизилиши менен биздин дарыгерлер, ординаторлор жана медайымдар чыныгы шартка жакын кырдаалда практикалык көндүмдөрүн машыктыра алышат. Бул – бейтаптардын коопсуздугуна жана бүтүндөй саламаттык сактоо системасынын сапатына инвестиция»,- деди.
Корея Республикасынын Элчиси Ким Гван Чже жалпы инвестициялардын көлөмү 880 млн вонду түзөрүн белгиледи. Иш-чаранын алкагында сегиз багыт боюнча 100дөн ашык медициналык жабдуу алынып келинген, окуу базасы түзүлгөн жана 30 жергиликтүү адис даярдалган (алардын ичинен 9у реанимация, 21и шашылыш жардам боюнча).
«Симуляциялык борбордун ачылышы – жөн гана жаңы медициналык объекттин ишке кириши эмес, бул биздин өлкөлөрдүн достугу жана кызматташтыгынын жаңы этабы. Биз ишенебиз, Корея Республикасынын алдыңкы медициналык технологиялары Кыргызстандагы медициналык жардамдын сапатын жогорулатууга чоң салым кошот», – деди ал.
РКЖООнун башкы дарыгери Гулжигит Аалиев:
«Инфекциялык оорулар менен күрөшүүнүн алдыңкы сабында дээрлик жүз жыл турган биздин ооруканабыз үчүн симуляциялык борбордун ачылышы – тарыхый окуя. Бул бизге адистерди күнүмдүк практика гана эмес, өзгөчө кырдаалдарда иштөөгө да даярдоого мүмкүнчүлүк берет», - деп белгиледи.
Симуляциялык борбор Кыргызстандагы медициналык кадрларды даярдоо системасынын маанилүү элементи болуп, медициналык жардамдын сапатын кыйла жогорулатууга өбөлгө түзөт.
Иш-чаранын уюштуруучулары жаңы борбор медициналык билим берүүнүн туруктуу өнүгүшүнө өбөлгө болуп, саламаттык сактоо тармагындагы эл аралык кызматташтыктын үлгүсүнө айланарына ишеним билдиришти.
