Кыргызстан ДССУнун аянтчасында балдар онкологиясы тармагындагы жетишкендиктерин жана артыкчылыктуу багыттарын тааныштырды
Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо ассамблеясынын 79-сессиясынын иш-чараларынын алкагында Кыргыз Республикасы балдар онкологиясы тутумун өнүктүрүүнүн жыйынтыктарын жана онкологиялык оорулардан жабыркаган балдарга жардам көрсөтүү тармагындагы эл аралык кызматташтыктын артыкчылыктуу багыттарын сунуштады.
Иш-чаранын жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри Дамир Осмонов балдар онкологиясын өнүктүрүү саламаттык сактоо тармагындагы мамлекеттик саясаттын негизги багыттарынын бири экенин белгиледи. Ресурстардын чектелүүлүгүнө карабастан, акыркы жылдары мамлекеттик колдоо, кадрдык потенциалды өнүктүрүү жана эл аралык өнөктөштүктүн аркасында Кыргызстан олуттуу ийгиликтерге жетише алды.
Акыркы он жылда Кыргыз Республикасында балдар онкологиясын мамлекеттик каржылоо 200дөн ашык эсе өскөнү баса белгиленди. Бул адистештирилген жардам көрсөтүү тутумун кыйла чыңдоого, заманбап дары-дармектерге жеткиликтүүлүктү кеңейтүүгө, колдоочу терапияны жакшыртууга жана диагностикалык изилдөөлөрдүн сапатын жогорулатууга шарт түздү.
Министр 2023-жылы Кыргыз Республикасы Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун (ДССУ) Балдар рагына каршы күрөшүү боюнча глобалдык демилгесине (GICC) фокустук өлкө катары расмий түрдө кошулганын айтып өттү. Жүргүзүлүп жаткан реформалардын алкагында өлкөдө балдар онкологиясы жана гематологиясы боюнча улуттук клиникалык протоколдор киргизилип, «балдар онкологиясы жана гематологиясы» медициналык адистиги бекитилди, ошондой эле балдарга мультидисциплинардык жардам көрсөтүү тутуму күчөтүлдү.
Өзгөчө көңүл жогорку технологиялык медициналык жардамды өнүктүрүү маселелерине бурулду. Алсак, 2024-жылы Кыргыз Республикасында биринчи жолу балага жилик чучугун (сөөк чучугун) аутотрансплантациялоо ийгиликтүү жасалган. Бул улуттук саламаттык сактоо тутумун өнүктүрүүнүн маанилүү этабы болуп калды.
Кыргыз Республикасы балдар онкологиясы тармагында Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму, St. Jude Children's Research Hospital, Princess Máxima Center for Pediatric Oncology сыяктуу уюмдар жана борборлор, ошондой эле Россиянын алдыңкы профилдик мекемелери менен эл аралык кызматташтыкты кеңейтүүнү улантууда.
Министр өз сөзүндө Кыргызстандын Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму St. Jude Global менен биргеликте ишке ашырып жаткан Балдар рагын дарылоо үчүн дары-дармектерге жеткиликтүүлүктү камсыз кылуу боюнча глобалдык платформага (Global Platform for Access to Childhood Cancer Medicines — GPACCM) кирүүгө кызыкдарлыгы жогору экенин белгиледи.
Саламаттык сактоо министри Кыргызстан мындан ары да балдар онкологиясынын инфраструктурасын өнүктүрүүгө, эрте диагностикалоо тутумун чыңдоого, дарылоонун заманбап ыкмаларынын жеткиликтүүлүгүн жогорулатууга жана онкологиялык оорулар менен ооруган балдардын өмүрүн сактап калуу көрсөткүчүн жана жашоо сапатын жогорулатууга багытталган эл аралык кызматташтыкты колдоого ниеттенип жатканын баса белгиледи.
