
Жалал-Абадда жаңы Юстиция үйүнүн курулушу башталды
Жалал-Абад шаарында Жалал-Абад облустук юстиция башкармалыгынын имаратын курулушу башталды. Бул тууралуу Юстиция министрлигинен билдиришти.
Курулуш аянтына юстиция министри Аяз Баетов барды.
Жаңы Юстиция Үйү Пушкин 51 көчөсүндө жайгашкан, 1954-жылы курулган нотариалдык кеңсенин бузулган авариялык имаратынын ордуна тургузулган. Ал эми юстиция башкармалыгы өзү көптөн бери мурдагы "Аленушка" бала бакчасынын имаратында жайгашкан жана аны бошотуу маселеси жергиликтүү бийлик тарабынан бир нече жолу көтөрүлгөн.
Долбоорго ылайык, жалпы аянты 700 чарчы метр жертөлөсү бар үч кабаттуу жаңы имаратта: Юридикалык жардам кызматы, Пробация департаменти, мамлекеттик нотариустар, юридикалык жактарды каттоо бөлүмү жана калкка юридикалык жана мамлекеттик кызмат көрсөтүүчү башка бөлүмдөр жайгашат.
Жалал-Абаддан тышкары Бишкекте, Ошто, Баткенде, Караколдо, Таласта, Нарында, Кочкордо ж. б. жаңы "Юстиция үйлөрүн" куруу иштери жүрүп жатат.
Мисалы, Баткенде курулуш иштери башталды, ал эми Ош шаарында юстиция башкармалыгынын жаңы имаратынын курулушу мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн алкагында активдүү жүргүзүлүүдө.