Ош мэриясы
3 июль
Ош: Ак-Буура дарыясынын жээгинде ири сейил бак курулууда
Ош шаарында Ак-Буура дарыясынын жээгиндеги 10 гектар аянтка шаардагы эң ири эс алуучу жайлардын бири курулуп жатат. Бул тууралуу мэриядан кабарлашты.
Сейил бактын жалпы аянты – 10 гектар. Учурда курулуш иштеринин 80% ашыгы аткарылды. Парктын башкы өзгөчөлүгү — аянты дээрлик 1 гектарга жакын гүл бакчасы. Бул жерге жергиликтүү климатка ыңгайлашкан өзгөчө гүлдөрдүн 40 миңден ашык түрү тигилүүдө.
Жарандар үчүн воркаут зонасы, жөө басуу жана велосипед жолдору, балдар, карылар аянтчалары каралган.
Сейил бак Ак-Буура дарыясы менен Жекелик каналынын кесилишинде жайгашкан. Н.Исанов көчөсүнөн баштап С.Бахапова көчөсүнүө чейинки аралыкты камтыйт.
