Чүй облусунда 3,8 млн сомдук алдамчылыкка шектелген жаран кармалды
Чүй облусунда алдамчылыкка шектелген жаран кармалды, деп билдирет облустук милициянын басма сөз кызматы.
Маалыматка ылайык, үстүбүздөгү жылдын 11-апрелинде Сокулук РИИБге Р.А., аттуу жаран арыз менен кайрылып, чала тааныш Ж.Н. аттуу жаранга чара көрүүнү суранган.
Арызында ал 2026-жылдын 15-февралында шектүү анын ишенимине кирип, жалпы суммасы 3 853 000 (уч миллион сегиз жүз элүү үч миң) сомго бааланган, 39 баш койду, эгиз козулуу бир баш “Арашан” пародасындагы койду, ошондой эле беш жаштагы карагер түстөгү бир баш айгырды карызга алып, бүгүнкү күнгө чейин акчасын төлөбөй, уюлдук телефонун өчүрүп, из жашырып жүргөнүн билдирген.
Бул арыз катталып, КР КЖКнын 209-беренеси (Алдамчылык) боюнча кылмыш иши козголгон.
Ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө милиция кызматкерлери тарабынан шектүү жаран аныкталып, ал 1984-жылы туулган Ж.Н. экендиги белгилүү болгон. Ал Кыргыз Республикасынын КЖПКнын 96-беренесинин негизинде кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
Учурда анын Чүй облусунун аймагында башка ушуга окшогон кылмыштарга катыштыгы текшерилип жатат.
Тергөө иштери уланууда.
