Баткен облусунун Мурас айылынын 3 миңден ашуун тургуну таза ичүүчү суу менен камсыз болду
Баткен облусуна караштуу Лейлек районундагы Мурас айылында бүгүн, 3-июлда реконструкцияланган ичүүчү суу менен камсыздоо тутуму ишке кирди. Бул тууралуу Суу ресурстары министрлигинен кабарлашты.
Долбоор «Климаттын өзгөрүшүнө туруктуу суу чарба кызматтарын жакшыртуунун» алкагында ишке ашырылган. Натыйжада айылдагы 537 кожолукта жашаган 3 500гө жакын тургун сапаттуу жана коопсуз ичүүчү суу менен камсыз болду.
Долбоор ишке ашканга чейин 2002-жылы курулган суу менен камсыздоо системасы техникалык жактан эскирип, канааттандырарлык эмес абалда болчу. Суу тоо булактарынан өз нугунда агып келип, зыянсыздандыруу (хлорлоо) кол менен жүргүзүлүп, ал эми суу белгиленген график боюнча гана берилчү.
Эскирген түтүк тармактары жана көп сандагы авариялык тилкелер калкты ишенимдүү жана коопсуз ичүүчү суу менен камсыз кылууга мүмкүндүк берген эмес.
Реконструкция иштери аяктагандан кийин суу менен камсыздоо тутуму айыл тургундарын сутка бою таза суу менен камсыз кылууда. Натыйжада санитардык-гигиеналык шарттар жакшыртылып, калктын ден соолугун коргоо деңгээли жогорулады, инфраструктуранын климаттын өзгөрүшүнө туруктуулугу артты. Мындан тышкары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын суу ресурстарын башкаруу мүмкүнчүлүктөрү да бекемделди.
