Юнусалиев көчөсүн капиталдык оңдоп-түзөө: эки кесилишти жабуу пландалууда
12 сентябрь

Юнусалиев көчөсүн капиталдык оңдоп-түзөө: эки кесилишти жабуу пландалууда

Бишкекте жолдорду капиталдык оңдоо иштери уланууда.

Мэриядан билдиришкендей, 12-сентябрда Юнусалиев жана Ахунбаев көчөлөрүнүн кесилишин унаа кыймылы үчүн жаап, 13-сентябрда ачуу пландалууда.

Кошумчалай кетсек, 13-сентябрда Юнусалиев-Медеров көчөлөрүнүн кесилиши жабылып, 14-сентябрдан тарта ачылат.

Белгилей кетсек, 14-сентябрда Юнусалиев көчөсүнүн Сүйөркулов көчөсүнөн Ахунбаев көчөсүнө чейинки бөлүгү капиталдык оңдоодон кийин унаа кыймылы үчүн ачылат.