
Кыргызстанда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталды
Кыргызстанда очогунда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталды.
Сейсмология институтунун такталган маалыматына ылайык, жер титирөө 23-сентябрда таңкы саат 05:34тө катталган.
Жер титирөө Нарын облусунун Жумгал районунун Кызарт, Жумгал айылдарында 3 баллга (Кызарт айылынан 3 чакырым чыгышта, Жумгал айылынан 3 чакырым түштүк чыгышта) чейин сезилген.
Алдын ала маалымат боюнча, жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.