Армениянын Улуттук Жыйынынын төрагасы Чыңгыз Айтматовдун үй-музейин көрүп чыкты
5 сентябрь

Армениянын Улуттук Жыйынынын төрагасы Чыңгыз Айтматовдун үй-музейин көрүп чыкты

Армения Республикасынын Улуттук Жыйынынын төрагасы Ален Симонян Кыргызстанга расмий иш сапарынын алкагында улуу калемгер Чыңгыз Айтматовдун үй-музейине барды. Бул тууралуу КР ЖКдан кабарлашты. 

Ардактуу конокторду жазуучунун бир тууган жээни Асан Ахматов тосуп алып, үй-музейи менен тааныштырды.

Тагыраагы, Чыңгыз Айтматовдун өмүр жолу жана чыгармачылыгы боюнча сүрөттөр, колдонгон буюмдары, алган сыйлыктары жана белектери көрсөтүлүп, кеңири маалымат берилди.

Ошондой эле Асан Ахматов залкар калемгердин армян элине болгон терең урматын эскерип, төрага Ален Симонянга жазуучунун 3 томдук чыгармалар жыйнагын белек кылды.

Белгилей кетсек, ардактуу конокторду Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Жылдыз Садырбаева коштоп барды.