Кыргыз-америка кызматташтыгынын актуалдуу маселелери талкууланды
5 сентябрь

Кыргыз-америка кызматташтыгынын актуалдуу маселелери талкууланды

Кыргызстандын Америкадагы элчиси Айбек Молдогазиев 3-сентябрда АКШнын Мамлекеттик департаментинин Борбордук жана Түштүк Азия боюнча бюросунун жетекчиси Бетани Моррисон менен жолугушту. Бул тууралуу КР ТИМден кабарлашты. 

Маалыматка ылайык, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар кыргыз-америка кызматташтыгынын актуалдуу маселелерин талкуулашты. Саясий диалогду бекемдөөгө, өз ара иш-чараларды уюштурууга, өлкөлөр ортосундагы соода-экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүүгө, ошондой эле виза маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.

Элчи А.Молдогазиев америка тарапка Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнүнө карата президент Д.Трамп менен Мамлекеттик катчы М.Рубио тарабынан жиберилген куттуктоосу үчүн ыраазычылык билдирди.

Сүйлөшүүнүн соңунда тараптар Кыргызстан менен АКШнын ортосундагы өз ара пайдалуу кызматташтыкты мындан ары да чыңдоого жана өнүктүрүүгө умтуларын ырасташты.