Ош областында балдардын өлүмүн мындан ары азайтуу боюнча чаралар талкууланды
10 июнь

Ош областында балдардын өлүмүн мындан ары азайтуу боюнча чаралар талкууланды

Ош областында ымыркайлардын жана балдардын өлүмүн азайтуу маселелери боюнча штабдын жыйыны өтүп, ага Ош областы боюнча саламаттык сактоо боюнча координатор Конуш Сакмаматов жана областтагы саламаттык сактоо уюмдарынын жетекчилери катышты.

Балдардын өлүмүнүн учурдагы абалы, анын негизги себептери жана балдарга көрсөтүлүүчү медициналык жардамдын сапатын жогорулатуу боюнча көрүлүп жаткан чаралар тууралуу баяндама менен Ош областы боюнча штаттан тышкаркы башкы педиатр, Ош областтар аралык клиникалык балдар ооруканасынын директорунун орун басары Адыл Алимкулов баяндама жасады.

Кеңешмеде 2026-жылдын I кварталынын жыйынтыктары каралып, өлкөнүн түштүк регионунда балдардын ден соолугун коргоону күчөтүү боюнча кошумча чаралар аныкталды. Ымыркайлардын жана балдардын өлүмүнүн көрсөткүчтөрүнө кеңири талдоо жүргүзүлүп, өлүм учурларынын негизги себептери, ошондой эле баштапкы медициналык-санитардык жардам көрсөтүү уюмдарынын жана стационарлардын деңгээлинде балдарга медициналык жардам көрсөтүүнүн сапаты каралды.

Областтык кызматтын ыкчам маалыматына ылайык, 2026-жылдын I кварталында Ош областында бир катар негизги көрсөткүчтөр боюнча оң динамика байкалууда. Бир жашка чейинки балдардын өлүмүнүн саны өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 94 учурдан 56 учурга чейин азайган.

Ошондой эле өлүү төрөлгөндөрдүн саны 62 учурдан 28 учурга чейин кыскарган, ал эми ымыркайлардын өлүмүнүн көрсөткүчү 1000 тирүү төрөлгөн балага карата 14,8ден 11,1ге чейин төмөндөгөн. Беш жашка чейинки балдардын өлүмүнүн саны 115 учурдан 71 учурга чейин азайган.

Штабдын катышуучулары балдардын өлүмүнүн ар бир учурун деталдуу карап чыгып, патронаждык байкоону уюштуруудагы, диспансерлештирүүдөгү жана медициналык кызматкерлердин үй-бүлөлөр менен өз ара аракеттенүүсүндөгү кемчиликтерди аныкташты. Өзгөчө көңүл тобокелдик факторлорун эрте аныктоого, жаңы төрөлгөн ымыркайларга сапаттуу патронаж жүргүзүүгө, ата-энелерге балдардагы кооптуу белгилер тууралуу өз убагында маалымат берүүгө жана калк арасында профилактикалык иштерди күчөтүүгө бурулду.

Жыйындын жыйынтыгында саламаттык сактоо уюмдарынын жетекчилерине Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин колдонуудагы клиникалык протоколдорунун жана ченемдик документтеринин аткарылышына көзөмөлдү күчөтүү, балдарга медициналык жардам көрсөтүүнүн сапатын жогорулатуу жана ведомстволор аралык өз ара аракеттенүүнү өркүндөтүү боюнча конкреттүү тапшырмалар берилди.

Адыл Алимкулов балдардын өмүрүн жана ден соолугун сактоо саламаттык сактоо системасынын башкы артыкчылыктарынын бири бойдон каларын белгиледи.

«Ар бир статистикалык көрсөткүчтүн артында баланын өмүрү жана үй-бүлөнүн тагдыры турат. Жетишилген оң натыйжаларга карабастан, балдардын өлүмүн мындан ары азайтуу боюнча комплекстүү иштерди улантуу, профилактикалык иш-чараларды күчөтүү жана ар бир балага сапаттуу медициналык көзөмөлдү камсыз кылуу зарыл», – деди ал.

Балдардын жана ымыркайлардын өлүмүн азайтуу боюнча областтык штабдын иши туруктуу негизде улантылып, кырдаалга үзгүлтүксүз мониторинг жүргүзүлүп жана өз убагында башкаруучулук чечимдер кабыл алынат.