Боом капчыгайында таш кулады
Бишкек – Нарын – Торугарт жолунун 167-чакырымында таш кулады. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашты.
Маалыматка ылайык, учурда тазалоо иштери жүрүүдө. Унаалар кезек-кезеги менен өткөрүлүп жатат.
Бактыга жараша жабыркагандар жок.
