Ош ОИИБ
25 апрель
“Өспүрүм түн” рейди — Кара-Сууда түнү көчөдө жүргөн 123 өспүрүм кармалды
Кара-Суу районунун аймагында 20сынан 24-апрелге чейин "Өспүрүм түн" аталышындагы алдын алуу иш-чарасы жүргүзүлдү. Бул тууралуу Ош облустук милициясынан кабарлашты.
Рейддин жүрүшүндө түнкү убакта өз алдынча жүргөн 123 бала аныкталды.
Милициядан алардын ата-энелери чакыртылып, мыйзамда белгиленген чара көрүлгөндүгүн билдиришти.
"Ата-энелерге жана балдарга түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, укуктук маалымат берилди", – деп айтылат маалыматта.
Аталган рейддик иш-чара – балдар арасында ар кандай укук бузуунун жана күтүлбөгөн кырсыктардын алуу максатын көздөйт.
