Депутаттар Ош шаарында. Жанар Акаев быйыл ишке ашырыла турган долбоорлор менен тааныштырды
Ош мэриясы
25 апрель

Депутаттар Ош шаарында. Жанар Акаев быйыл ишке ашырыла турган долбоорлор менен тааныштырды

Ош шаарынын мэри Жанар Акаев 24-апрелде Жогорку Кеңештин “Ала-Тоо” депутаттык тобу менен жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу мэриядан кабарлашты.

Билдирүүдө айтылгандай, анын алкагында калаа башчысы шаарда ишке ашырылып жаткан бир катар ири социалдык-экономикалык долбоорлор тууралуу маалымат берди.

Тактап айтканда, шаар башчысы Ош шаарын жашыл шаарга айлантуу багытындагы иштер, жаңы сейил бактардын курулушу, таштандыны кайра иштетүүчү заводдун долбоору, рекультивацияланган көрүстөндөрдү жашыл аймакка трансформациялоо, ошондой эле курулушу жүрүп жаткан муниципалдык ипотекалык турак жайлар боюнча презентация жасады.

Мэр өз сөзүндө акыркы мезгилде Ош шаарына инвесторлордун кызыгуусу артып, шаарга инвестиция салууга ниеттенген тараптар көбөйүп жатканын да белгилеп өттү.

Жолугушуунун жүрүшүндө депутаттар шаар бийлиги тарабынан жүргүзүлүп жаткан иштерге оң баа берип, колдоо көрсөтө тургандыгын билдиришти.