Бишкекте маркум Дөө Чыңгызга таандык делген курал-жарак салынган баштык менен жүргөн жаран кармалды
Бишкек ШИИББ
3 июль

Бишкекте маркум Дөө Чыңгызга таандык делген курал-жарак салынган баштык менен жүргөн жаран кармалды

Бишкекте ок атуучу куралдарды жана ок-дарыларды мыйзамсыз сактоо фактысы аныкталды, деп кабарлайт шаардык милициянын басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, бул факты боюнча КР Кылмыш-жаза кодексинин 267-беренеси (Куралды жана ок-дарыларды мыйзамсыз жүгүртүү) менен кылмыш иши козголду.

Тергөө жана ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө Бишкек шаарынын Махатма Ганди жана Ала-Арча көчөлөрүнүн кесилишинде Бишкек шаарынын ИИББнын Кылмыш иликтөө башкармалыгынын кызматкерлери «Toyota Corolla» үлгүсүндөгү автоунааны токтотушкан.

Унааны кароо учурунда арткы орундуктан жүргүнчүлөрдүн бирине таандык спорттук баштык табылган. Баштыкты тинтүүдө төмөнкү буюмдар табылып, алынган:

  • ПМ үлгүсүндөгү тапанчага окшош буюм;
  • 5 даана огу менен «REX PERFEKTA» үлгүсүндөгү тапанчага окшош буюм;
  • 13 даана 9 мм калибрдеги огу менен белгисиз үлгүдөгү тапанча-пулемётко окшош буюм;
  • ⁠жылмакай тешиктүүок атуучу куралдын бир кесими;
  • 4 даана ызы-чуу чыгаруучу граната;
  • кара түстөгү беткап;
  • жашыл түстөгү аскердик камуфляж кийиминин топтому.

Тергөө иштеринин жүрүшүндө аталган автоунаанын жүргүнчүсү мурда бир нече жолу соттолгон, 1983-жылы туулган Р.К. аттуу жаран экени аныкталган.

Анын көрсөтмөсүнө ылайык, табылган баштык мурда өзү менен бирге жаза мөөнөтүн өтөгөн, уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү Жумагулов Чыңгыз Адашкановичке («Чыңгыз Дөө» каймана аты менен белгилүү) таандык болгон. Шектүүнүн айтымында, болжол менен төрт жыл мурун Жумагулов бул баштыкты убактылуу жашырып турууну өтүнүп тапшырган. Бирок баштыктын ичинде курал бар экенин көргөндөн кийин коркуп, аны токой тилкесине көмүп коюп, өзү жашаган жерине кетип калган. Кийинчерээк Жумагулов кармалып, андан соң каза болгонун уккан.

Учурда алынган ок атуучу куралдар жана ок-дарылар тиешелүү экспертизага жөнөтүлдү. Шектүү Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин 96-беренесинин негизинде Бишкек шаарынын ИИББнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.