Ак-Суу районунда электр тармактары модернизацияланууда
5 сентябрь

Ак-Суу районунда электр тармактары модернизацияланууда

«КУЭТ» ААКнын Ысык-Көл электр тармактары ишканасынын Ак-Суу РЭТи жаңылоо жана күз-кыш мезгилине даярдоо иштерин пландуу тартипте улантууда. Бул тууралуу Энергетика министрлигинен кабарлашты.

2025-жылы район боюнча 11 чакырым эскирген алюминий зымдары заманбап СИП зымдарына алмаштырылат. Учурда 1,5 чакырым СИП зымдары орнотулуп бүттү. Бул иштердин алкагында Ак-Булун, Зындан жана Ак-Булак айылдарында 130 жыгач мамы темир-бетон мамыларга алмаштырылууда.

Жыл башынан бери Ак-Суу район боюнча 5620 даана акылдуу эсептегич орнотулду, жалпы 10 800 даана орнотуу пландалган, калган бөлүгү жыл аягына чейин орнотулат.

Ошондой эле 213 чакырым электр зымдары жана 73 көмөк чордону техникалык тейлөөдөн өткөрүлүп, 26 көмөк чордону жана 32,4 чакырым зымдар капиталдык оңдоодон өттү.

Жаңы инфраструктураларды түзүү боюнча 4 жаңы көмөк чордон орнотуу пландалган, анын экөөсү — Жергез жана Жыргалан айылдарында ийгиликтүү ишке берилди. 5 көмөк чордондо кубаттуулукту жогорулатуу жана 16,2 чакырым 10 кВ аба чубалгыларын реконструкциялоо иштерин ушул жылдын октябрь айына чейин бүткөрүү каралган.

“Ала-Тоо резорт” тоо лыжа комплексинин курулушун электрификациялоо үчүн 4,3 чакырым кабелдик зым тартылып, кубаттуулугу 1000 кВА 3 даана жана 650 кВА 1 даана көмөк чордону орнотуу ушул жылдын октябрь айына чейин аяктоо пландалууда.

Авариялык өчүрүүлөрдү кыскартуу максатында 136 чакырым зымдар бак-дарактардын бутактарынан тазаланды.