Өзгөндө ымыркай чарчап калды, милиция териштирүү иштерин баштады
Өзгөн шаарында 2025-жылы туулган ымыркай чарчап калды. Бул тууралуу Ош ОИИБдин басма сөз кызматынан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, окуя тууралуу маалымат 2026-жылдын 21-январь күнү Өзгөн РИИБге аймактык ооруканадан түшкөн.
Бул факты каттоого алынып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталган.
"Аны жүрүшүндө күбөлөр суралып, чарчап калган ымыркайдын өлүмүнүн келип чыгуусун аныктоо максатында тийиштүү экспертиза дайындалды. Анын жыйынтыгы менен мыйзамдуу чечим кабыл алынат", – деп айтылат маалыматта.
