7 жаштагы кыздын өлүмү: депутат идеологияны “сайраган” Мамлекеттик катчы менен Маданият министрлигин сындады
16 июнь

7 жаштагы кыздын өлүмү: депутат идеологияны “сайраган” Мамлекеттик катчы менен Маданият министрлигин сындады

Жогорку Кеңештин социалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында депутат Аида Исатбек кызы 7 жаштагы кыздын өлүмү боюнча маселе көтөрдү. 

Эске салсак, 14-июнда Бишкекте 7 жаштагы кыз 13 жаштагы бир тууган эжеси тарабынан өлтүрүлгөнү белгилүү болгон. 

“Бул окуя боюнча бир дагы мамлекеттик орган же социалдык блоктогу аткаминерлер комментарий беришкен жок. Биз кандай коомдо жашап жатабыз, балдарга каада-салтыбызды туура жеткирип жатабызбы деген коркунуч пайда болду. 

Ата-энелер балдарынын келечеги үчүн иштеп жүрүшөт, аны түшүнөм. Бирок ошол эле убакта биз аларды көңүл буруусуз калтырып жатабыз. Ар бир ата-эне албетте, өз баласы үчүн жоопкерчилик алган, бирок мамлекет дагы четте карап турбашы керек да. Бул багытта ИИМ, Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги эмне иш жасап жатат, а Акыйкатчы институтучу? Бир тууган бир тууганын өлтүрүп жатат. Өз үйүндө. А үйдүн сыртында, мектептерде эмне болуп жатат?” – деди депутат. 

Ошондой эле депутат өлкөдө идеология жоктугун белгиледи. Ал Маданият министрлиги менен Мамлекеттик катчы дайыма идеология тууралуу кеп кылаарын, бирок ушундай окуялардын фонунда эч кандай идеология жоктугу көрүнүп калып жатканын айтты.  Ал бул окуяга кайдыгер карабоого чакырды. 

“Ал боюнча анализ жүргүзүү зарыл. Балким, телефондогу оюндардын, чөйрөнүн таасиринде болгондур. Биз бардык нерсени көзөмөлгө алуубуз керек, бул биздин түз милдетибиз. Маданият министрлиги кинофестиваль өткөрүүнү коюп, ушуну менен алектенсин. Орой айтсам кечирип койгула, мен үч баланын энеси катары балдардын келечегине күйүп жатам. Бул ишти дагы күйөөлөрүнүн колунан өлгөн аялдардын иштериндей кылып жаап салбашыбыз керек”, – деди Исатбек кызы. 

Ошондой эле, депутат Мамлекеттик катчы менен Маданият министрлигин чакырып, балдарды тарбиялоо жаатындагы иштер боюнча маалымат алууну сунуштады.