Кыргызстанда ФОМС төлөмүн 5 пайызга көбөйтүү сунушталууда: жарымын жумуш берүүчү, жарымын жаран төлөйт
16 июнь

Кыргызстанда ФОМС төлөмүн 5 пайызга көбөйтүү сунушталууда: жарымын жумуш берүүчү, жарымын жаран төлөйт

Кыргызстандын саламаттыкты сактоо тармагы Түркия же башка өнүккөн өлкөлөргө салыштырмалуу артта калганы менен, башка айрым өлкөлөрдүкүнөн алда канча алдыга кеткен. Бул тууралуу саламаттыкты сактоо министри Эркин Чечейбаев “Биринчи радионун” түз эфиринде билдирди. 

“Бардыгы салыштырмалуу, мисалы, Түркияга салыштырмалуу артта калышыбыз мүмкүн, бирок башка системаларга салыштырмалуу балким, алдыдабыз. 

Түркияда 20 жыл мурда чоң реформа болгон: көпчүлүк мамлекеттик ооруканалар системасы толугу менен жаңыланып, мамлекеттик-жеке өнөктөштүккө өтүп, жеке инвестициялар киргизилип, сапаты жакшырган. Бирок дарылануу кымбаттаган. 

Бирок биздин системанын структурасы аябай жакшы, мисалы, ФОМС КМШ өлкөлөрүндө биринчи болуп Кыргызстанда киргизилген. Кийин биздин тажрыйбаны көрүп, Казакстан, Россия киргизди”, – деди ал. 

Ошондой эле, министр ар бир жакшы системаны улам жакшыртып, алдыга жылдыруу керек деп эсептейт. Андай аракет болбосо, система канчалык жакшы болсо дагы, бир ордунан жылбай калса, байкалаарлык өзгөрүү болбойт. 

“Мисал катары айтсак, кымбат унаа алдың дейли, бирок ага бензин куйбаса, гаражда темир катары эле тура берет. Ошол сыңары биздин системага да бензин керек. Азыр өлкөдө милдеттүү медициналык камсыздандыруу төлөмү абдан аз. Расмий жумушка орношкон жаран үчүн жумуш берүүчү тарап айлык акынын 2 пайызын төлөйт. Балдарга, пенсионерлерге жана жеңилдетилген категориядагы жарандарга өкмөт ар бирине жылына 150 сомдон төлөп берет. Эгерде жаран жумушсуз болсо жана бул боюнча расмий каттоодон өтсө, ага да өкмөт төлөйт. А эгерде расмий иштебеген жаран ФОМС өзү сатып алгысы келсе, бир жылга 1800 сом төлөйт. ФОМС менен ооруканага баруу, ансыз барууга караганда арзан түшөт”, – деди Чечейбаев. 

Ошондой эле, ал белгилегендей, милдеттүү медициналык камсыздандыруу төлөмүн 2 пайыздан 5 пайызга көбөйтүү сунушталууда. Анын жарымын жумуш берүүчү төлөсө, жарымын жаран өзү төлөшү керек. Төлөм көбөйсө саламаттыкты сактоо системасы жакшырат, ал каражатты дары-дармек жана жабдыктарды сатып алууга коротот.