ӨКМ башчысы Ысык-Көл районундагы сел каптоонун кесепеттерин жеринен көрдү
Өзгөчө кырдаалдар министри Канатбек Чыныбаев 1-июлда нөшөрлөп жааган жаандын кесепетинен суу каптоо катталган Ысык-Көл районундагы кырдаал жана калыбына келтирүү иштеринин жүрүшү менен жеринде таанышты. Бул тууралуу ведомстводон кабарлашты.
Президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Бакытбек Жетигенов, транспорт жана коммуникациялар министри Талантбек Солтобаев, ошондой эле жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен биргеликте Канатбек Чыныбаев Ысык-Көл районунун Чоң-Сары-Ой айылындагы Орто-Кой каналын жана суу каптоо коркунучу бар тилкелерди көрүп чыкты.
Иш сапардын жыйынтыгында өзгөчө кырдаалдардын келип чыгуу тобокелдигин азайтуу боюнча биринчи кезектеги чаралар аныкталып, калыбына келтирүү жана алдын алуу иштерин ыкчам жүргүзүү үчүн тиешелүү кызматтарга конкреттүү тапшырмалар берилди.
