Жол инспекторлору дем ала албай калган наристени ооруканага жеткиришти
3 июль

Жол инспекторлору дем ала албай калган наристени ооруканага жеткиришти

Аламүдүн районунун Беш-Күнгөй айылында жол коопсуздугун камсыздап жаткан инспекторлор дем ала албай калган наристени ата-энеси менен кошо ооруканага тез арада жеткиришти. Бул тууралуу Чүй ОИИББ боюнча Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн (ЖКККБ) басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, окуя 2026-жылдын 2-июлунда болжол менен саат 20:00 чамасында катталган. Жол тескөөчүлөр өз кызматын өтөп жаткан учурда аларга бир жаран шашылыш кайрылган. Ал кичинекей наристеси дем ала албай жатканын билдирип, инспекторлордон жардам сураган.

Кызматкерлер кырдаалды дароо баалап, убакытты текке кетирбестен наристени жана анын ата-энесин кызматтык унаа менен Бишкек шаарындагы 3-балдар ооруканасына ыкчам түрдө жеткиришкен.

Ал жактан балага дароо биринчи медициналык жардам көрсөтүлгөн.