Нарындагы Жусаев атындагы парк оңдолууда, мында бийиктиги 47 метрлик айланма аттракцион коюлат
Нарын шаарынын мэри Жылдызбек Беккелдиев М. Жусаев атындагы паркты реконструкциялоо менен заманбап сейил багын куруу долбоорунун аткарылышын жеринде көрдү. Бул тууралуу мэриядан кабарлашты.
Маалыматта айтылгандай, иштер шаардын туруктуулугун жогорулатуу програмасынын алкагында аткарылууда.
Мында бардык шарттар каралган:
- спорт аянтчалары,
- балдар оюн зоналары,
- ачык асман алдындагы амфитеатр,
- жасалма көлөмөлөр.
Мындан тышкары, Нарын шаардык мэриясы тарабынан бийиктиктен кароочу, бийиктиги 47 метрди түзгөн айланма аттракцион коюлуп жатат.
Калаа башчысы долбоорду ишке ашырып жаткан ишкана өкүлдөрү менен долбоорду өз убагында сапаттуу аткаруу боюнча сүйлөштү.
