Эмне үчүн “Манас” аэропортунда жарандар топтолгон? Милициянын түшүндүрмөсү
2025-жылдын 15-июнунда саат 04:00 чамасында «Манас» эл аралык аэропортунун кире беришинде жарандардын топтолгондугу тууралуу маалыматтар социалдык тармактарда тараган.
Аталган факт боюнча Чүй облусунун ички иштер башкармалыгы төмөнкүлөрдү билдирет: 2025-жылдын 14-июнунда Медина - Бишкек багыты боюнча ажылыктан кайтып келе жаткан жарандарды алып келген чартердик рейстин келиши күтүлгөн.
Саат 18:00дөн 03:00гө чейин «Манас» аэропортунун учуп-конуу тилкесинде оңдоо иштери жүргүзүлүп жаткандыгына байланыштуу, учак убактылуу Ташкент шаарынын аэропортуна багытталган. Андан кийин Бишкекке таңкы убакта учуп келген.
Ошол эле учурда Бишкекке бир нече каттамдык рейстер дагы келген. Күтүп алуучулардын саны көп болгондуктан, ажылыктан кайтып келгендерди тосуп алуу залына кирүүгө чектөө киргизилип, көпчүлүк жарандар сыртта күтүүгө мажбур болушкан.
«Манас» аэропортунун милиция кызматкерлери коомдук тартипти жана коопсуздукту камсыздашкан. Коомдук тартип бузуулар катталган эмес. Кооптонууга негиз жок.
