Жалал-Абадда милиция кызматкерлерине жаңы кызматтык автоунаалар тапшырылды
19 апрель

Жалал-Абадда милиция кызматкерлерине жаңы кызматтык автоунаалар тапшырылды

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиев Жалал-Абад облустук милициясына жаңы кызматтык автоунааларды тапшырды.

Жалпысынан 2025-жылы чыгарылган 20 кызматтык автоунаа, анын ичинде Chevrolet Cobalt, Sunray ESC жана JAC 4WD үлгүсүндөгү унаалар тийиштүү бөлүмдөргө берилип, алардын ыкчам ишмердигине олуттуу көмөк көрсөтүлдү.