Аламүдүн райондук милициясы тарабынан кыймылсыз мүлккө байланыштуу алдамчылыкка шектелген жаран кармалды
16 июнь

Аламүдүн райондук милициясы тарабынан кыймылсыз мүлккө байланыштуу алдамчылыкка шектелген жаран кармалды

Буга чейин Аламүдүн райондук ички иштер бөлүмүнө 1961-жылы туулган, Бишкек шаарынын тургуну жаран Т.А. кайрылган. Ал өз арызында жаран Э.Б. ишенимге кирип, Көк-Жар айылындагы анын үйүн алдамчылык жол менен алып, кийин сатып жибергенин билдирген.

Аталган факт Аламүдүн РИИБ тарабынан катталып, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (Алдамчылык) боюнча кылмыш иши козголгон. Иликтөө иштеринин алкагында жаран Э.Б. издөөгө алынган.

Аламүдүн райондук милициясынын кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жыйынтыгында жогоруда аталган жаран Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин 96-беренесине ылайык кармалып, Бишкек шаарынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Учурда тергөө иштери уланууда.

Милициянын алдын ала маалыматына ылайык, жаран Э.Б. ушул сыяктуу башка алдамчылык фактыларына дагы тиешеси болушу мүмкүн. Учурда укук коргоо органдары бул иш боюнча бардык жагдайларды аныктоо максатында тиешелүү тергөө иштерин жүргүзүп жатышат.

Милиция жарандарга кайрылып, эгерде кимдир-бирөө жаран Э.Б. тарабынан жасалган алдамчылык аракеттеринен жабыр тарткан болсо, жакынкы милиция бөлүмүнө же Аламүдүн райондук ИИБге төмөнкү телефондор аркылуу кайрылууларын суранабыз:
(0312) 36-35-23
(0312) 36-35-27