Нарын аэропортунун перрону толугу менен асфальтталды
Нарын шаарындагы Нарын аэропортунун перрон аянтчасында асфальттоо иштери толук аяктап, 14 700 м² аянтка асфальттын экинчи катмары төшөлдү. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы билдирет.
Курулуш иштери “Кыргызавтожол-Түндүк” мамлекеттик ишканасына караштуу № 41 Жол тейлөө ишканасы тарабынан жүргүзүлдү.
Асфальттоо процессине заманбап техникалар тартылып, материалдар объекттин өзгөчөлүгүнө жараша тандалып колдонулду.
Курулуштун жүрүшү транспорт жана коммуникациялар министри Абсаттар Сыргабаевдин жеке көзөмөлүндө турду.
