президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгү
15 июль
Ноокенде чагылган түшүп, 16 жаштагы өспүрүм денесинен күйүк алды
Ноокен районуна караштуу Момбеков айыл аймагында 13-июлда чагылган түшүп, 16 жаштагы өспүрүм жабыркаган.
Президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгүнөн кабарлашкандай, окуя 13-июлда катталган.
Жабыркаган өспүрүм учурда облустук клиникалык ооруканасынын травматология бөлүмүндө дарыланууда.
Облус башчысы Тилек Текебаев өспүрүмдүн абалынан кабар алды.
Дарыгерлердин маалыматына ылайык, анын денесинин 18 пайызы күйүк алган. Учурда бейтаптын абалы дарыгерлердин туруктуу көзөмөлүндө болуп, зарыл болгон медициналык жардам көрсөтүлүүдө.
